03.09.2018 15:29

ДКО ачылышында Райымбек Матраимовдун VIP орунда отурганы депутатты нааразы кылды

ДКО ачылышында Райымбек Матраимовдун VIP орунда отурганы депутатты нааразы кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар үчүн каралган VIP орунда отурганына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Райымбек Матраимов келди. Текеберлене өтүп, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү менен саламдашып, VIP орунга отурду. Коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик чөнтөкчүлөр жана паракорлор жеңип жатат. Мен башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директоруна кайрылат элем: эмне үчүн президенттин алдында Матраимов боюнча кылдат иликтөө өткөрүү маселесин койбойсуңар? Кубанычбек Кулматов бюджетке канча акча түшүшү керектигин так көрсөтүп берди эле, аны дароо кызматтан алып, УКМКнын камерасына отургузуп коюшту. Кулматов бир туруп, грантты бөлүштүрүп, мектеп курганы үчүн, бир туруп, кимдир-бирөөнүн канаттуулар фабрикасына акча бербегени үчүн айыпталып, колуна кишен салынып, УКМКнын тергөө абагына отургузулду. Ал эми «Раимчик» эч кимден уялбастан, кенен басып жүрөт. Башкы прокуратура, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы маскара эле болду», - деди Карамушкина.

Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келген ишмердиги үчүн Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алынган. 26-апрелде Матраимов негизсиз жумуштан алынганын айтып, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковду сотко берген. 25-июлда Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

17-августта өкмөт бул чечим менен макул болбой, Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жолдогон.